Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) КОРУТУНДУСУ – аныкталган кылмыш жагдайы баяндалып, чогултулган далилдер талдануучу жана алардын негизинде айыпталып жаткан жакты сотко өткөрүп берүүгө далилдердин жетиштүүлүгү жөнүндөгү тергөөчүнүн (алгачкы тергөө органы) жыйынтыгы чыгарыла турган алдынала тергөөнүн аягында жүргүзүлүүчү процесстик документ.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО (КҮНӨӨЛӨӨ) (укукта) – жасалган кылмыштын мүнөзү менен оордугуна жараша сотто жекече, жекече-жарыя жана жарыя тартибинде жүргүзүлөт. Жабырлануучу өлүп калган учурда же жаш курагына байланыштуу жарамсыз болсо, же денсоолугуна байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өз эркин билдире албаса, анын эрезеге жеткен жакын туугандарынын биринин КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тартипте кылмыш-жаза иши боюнча күнөөлөнүүчүнүн артынан түшүүгө, ал эми жекече А. иши боюнча тийешелүү жакка каршы А. талабын сунуштоого жана аны колдоого акысы бар. А. жабырлануучунун даттануусу боюнча гана козголуп, тараптардын өзара элдешүүсүнөн кийин токтотулат. Элдешүү өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болууга тийиш. Жабырлануучу же анын мураскору сот өндүрүшүнүн кайсы маалында болбосун өз А-сунан баштарта алат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда, жабырлануучунун тутунган көзкарашына карабастан, прокурор жекече-жарыя А. иши боюнча кылмыш-жаза ишин козгой берүүгө акылуу. Прокурордун айыптоодон баштартышы жабырлануучунун колдоо укугунан ажыратпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЫПТОО ӨКҮМҮ – соттолуучу адамдын күнөөсүн аныктай турган өкүм. Соттолуучу адамдын жасаган кылмышы боюнча күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы аркылуу бекемделгенде гана А. ө. кабыл алынат жана ал аргандай жоромолдорго негизделбейт. Сот жазага тартуу жана камактан бошотуу тууралуу А. ө-н кабыл ала турган учурлар: ошол өкүм боюнча соттолгондорду жазадан бошото турган кечирим берүү мунапысы жарыяланса; соттолуучу адамдын алдынала камакта жаткан мезгили сот тарабынан белгиленген жаза мөөнөтүнө кошулганда. Сот төмөндөгүдөй учурларда жаза чарасы көрүлбөй турган А. ө-н кабыл алат: адам коомчулукка коркунуч туудурбай калганда; камакта жаза мөөнөтүн өтөөгө мүмкүндүк бербей турган оор дартка чалдыкканда; адамды бул кылмыш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эскиргенде.